Бугу 17, 2024
Убакыт: 12:37
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Абоненттердин 113 млн сом карызын негизсиз жойгон. “Жалал-Абад электрдин” мурдагы башчысы кармалды

08.04.2022 11:59
493
Абоненттердин 113 млн сом карызын негизсиз жойгон. “Жалал-Абад электрдин” мурдагы башчысы кармалды

Башкы прокуратура тарабынан “Жалал-Абад электр” ачык акционердик коомунун жооптуу кызматкерлерине электр энергиясынын дебитордук карыздарды мыйзамсыз баланстан чыгаруу фактысы боюнча кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголду.


Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Текшерүүдө, 2015-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында “Жалал- Абад электрдин” кызмат адамдары мыйзамсыз аракеттерге барып, электр энергиясына болгон жалпы 113 млн 838 миң 100 сомдук карыздарды негизсиз эсептен чыгарышкандыгы аныкталган. Кылмышка шектүү катары аталган коомдун мурдагы жетекчиси М.К.А. кармалып, Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Учурда тергѳѳ амалдары жүргүзүлүүдѳ.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн