Мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиев менен акын Молдо Нияздын юбилейлерин белгилөө үчүн Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы Финансы министрлигинен 18 млн. сураган. Бирок министрлик жооп бербей жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ырысбек Атажанов билдирди.
Ал белгилегендей, быйыл Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгы, Молдо Нияздын 200 жылдыгы белгиленип жатат. Иш-чара ноябрь айына белгиленген.
«Райондук администрация Финансы министрлигине кат жолдогон. Тез арада акча бөлүп берсе жакшы болмок. Бул маселе боюнча протоколдук тапшырма берүүңүздөрдү суранам. Биз көрүнүктүү инсандардын мааракелерин мамлекеттик деңгээлде өткөрүүгө милдеттүүбүз», - деди Ырысбек Атажанов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн