Абсаттар Сыргабаев өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү болуп дайындалды. Бул маалыматты өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалыматка караганда, бүгүн, 19-октябрда облустук администрацияда жыйын өтүп, жаңы жетекчи эмгек жамаатына тааныштырылып, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы азыркы өкүлү Нурболот Мирзахмедов өзүнүн ыйгарым укуктарын өткөрүп берет.
Абсаттар Сыргабаев Сузак районунун Барпы айыл аймагынын башчысы болуп келген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн