Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:38
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ачылганына бир ай боло элек Ч.Түлөбердиев атындагы паркты бузуп кетишти (фото)

25.05.2020 15:23
1670
Ачылганына бир ай боло элек Ч.Түлөбердиев атындагы паркты бузуп кетишти (фото)


Бишкек шаарындагы Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин атындагы парктын жасалгаларын бузуп кетишти. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, белгисиз адамдар Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелигиндеги жазууларды курч нерсе менен кесип жана чийип кеткен. Ал эми мэриядан курулуштун башында габбро плитасын колдонууну болжолдогонун, бирок убактылуу ташка чегерилген тамгалар колдонулганын айтышты.


Мындан сырткары, балдар аянтчасындагы селкинчектин отургучун, урналарды уурдап кетишкен. Желим бөтөлкөлөрдү салуучу атайын идишке да туура эмес таштандыларды таштап салган.


Парктын айланасына камералар орнотулганын, учурда аларды туташтыруу иштери жүрүп жатканын жана бир жуманын ичинде ишке кирери айтылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн