Бугу 04, 2024
Убакыт: 13:00
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ачкычтарды батирдин айланасынан тапкан. Ошто 13 батирге уурулукка кирген жаран кармалды

10.08.2022 10:34
668
Ачкычтарды батирдин айланасынан тапкан. Ошто 13 батирге уурулукка кирген жаран кармалды

Ош шаарында 13 батирге уурулукка кирип, буюмдарды сатууга үлгүрбөй калган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.



Маалым болгондой, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында батир уурулукка шектүү жаран О. уулу Т. кармалды. Анын убактылуу жашаган үйүнөн жалпы 13 батирге таандык болгон, сатып үлгүрө элек буюмдар табылды

 

Шектүү О. уулу Т. 1990-жылы туулган. Туруктуу жашаган жери Алай району. Бирок, Ош шаарына убактылуу келип-кетип жашап турган. Алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө маалым болгондой, шектүү уурулук иштерин жуманын ишемби-жекшемби күндөрү, үй ээлери эс алууга же айылга жөнөп кеткенде жасаган. Ал эми ачкычтарды ошол эле батирлердин айланасынан: жерге төшөлгөн килемченин алдынан, өрткө каршы атайын орнотулган жабдуулардын үстүнөн, ташка бастырылып коюлган жеринен алып, батирлерди ачып кирген. Мисалы, шектүү Ош шаарындагы А.Масалиев көчөсүнүн тургуну 1991-жылы туулган М.Ж. аттуу жарандын үйүнө 30-июль күнү түнкүсүн уурулукка кирген. Ал үйдөн 55 миӊ сом накталай акча, баасы 35 миӊ сом болгон алтын сөйкө жана 65 миӊ сомдук кулону бар алтын чынжырчаны (цепочка) уурдап кеткен.


    Ачкычты подъездеги өрткө каршы жабдуулардын үстүнөн эле тапкан. Үй ээси ошол жерге эле коюп кеткендиги маалым болду. 

Шектүү 6-августта кармалып,Ош шаардык ички иштер башкармалыгына киргизилди. Ош шаардык соту тарабынан тергөө амалдары учурунда, 2 ай абакта кармоо боюнча санкция берилди.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн