Бугу 19, 2024
Убакыт: 20:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ачуусу менен таттуусу аралашкан 10 жыл!

05.06.2021 13:11
1674
Ачуусу менен таттуусу аралашкан 10 жыл!


2011-жылы жылы 4-июнда алгачкы саны жарык көргөн "Ачык саясат плюс" гезити быйыл 10 жашка чыкты. Гезиттин эң алгачкы чыгарылышын Нурбүбү Бөдөшова, Жамалдин ПарманкуловИльяс ӨмүралиевКубанычбек Кабилов менен чогуу чыгарганбыз. Айтканга, жазганга оңой, бирок түйшүктүү 10 жыл ачуу-таттуусу менен коштолду. Гезиттин түйшүгүн гезит чыгарып жүргөн жана гезитте иштеген журналист гана билсе керек. Редакцияны офис менен камсыздоо, гезитти жасалгалоо, макалаларды, иликтөө, анализ, жаңылыктар, маектер менен толтуруу, типографияга кеткен каражат, гезитти бардык аймактарга таратуу, редакция кызматкерлерин айлык акы менен камсыздоо, ар бир кызматкердин кыял-жоругун көтөрүү, деги койчу ушундай түйшүктү моюнга жүктөп алып жүрүү да чоң жоопкерчиликти талап кылат экен. Андан сырткары, гезиттин чындыгына чычалап сотко берген саясатчылар менен соттошуу, айрыкча оппозициялык көз-караштагы басылма эң көп басымга, кысымга дуушар болот экен. Бирок бул кыйынчылыктардын баарына багынып берип отуруп калбастан, гезит он жыл аралыгында үзгүлтүксүз жарык көрүп келе жатат. Алдыга койгон максатыбыз өлкөдөгү сөз эркиндигине салым кошуу болгондуктан, ошол максатка жетүүнү көздөп келебиз. Кыргызстан демократиянын аралчасы болуп, сөз эркиндиги гүлдөп-өскөн өлкөлөрдүн катарын толуктаса дейбиз.

10 жыл аралыгында биздин редакцияда 30га жакын белгилүү да, белгисиз да журналисттер иштеп кетти жана иштеп келишет. Көбүнчө жогорку окуу жайын жаңы аяктап же окуп жаткан жаш журналисттер тарбияланышты. Бардыгына бирдей мамиле кылууга, бир тууганымдай көрүүгө, колумдан келген айлык акыны берүүгө болгон аракетимди жумшадым. Мен да жаш болдум, журналисттеримдин көбү жаш болду. Түшүнбөстүктөр да болду. Бирок алардын көбүн турмуш өзү тарбиялады. Азыр көбү үй бүлө күтүп, өз жолдору менен, белгилүү басылмаларда эмгектенип жатышат.

Алардын айрымдары азыркыга чейин ал-ахыбалды сурашып, бир туугандай катташып жүрүшөт. Бул өмүрдө жылуу сөз эле керек эмеспи. Аларга мен "кемпирдей" болуп батамды бергенден башка жамандыгым жок. Анда-санда көрүп калып же эстеп калып учурашып койгондору да бар. Кечээ таң атпай куттуктап телефон чалгандары да болду. Жамалдин Парманкулов менен Кундуз Шайдиева деген эки журналистим менден эң көп жеме жеген, бирок бир да жолу тил кайрып айтышпаган мыкты сапаттардын ээси. Талантбекова Бегайым деген таланттуу жана жоопкерчиликтүү журналистим анда-санда эстеп коёт мени. Жамал Каныбекова өзүмдүн сиңдим, дайыма кабар алып турат менден. Нуркыз Бакасова турмушка чыгып кеткен боюнча дайыны жок. Эрбол Жаныбаев гезиттин дизайнери болуп жүргөн, кийин Саида менен баш кошуп бизди өкүл ата-апа коюшкан. Бул журналисттерди мен эмнеге эстеп жатам, анткени булар редакцияда жылдап иштеп кеткендер.

Ушул он жыл аралыгында белгилүү журналисттерден Үсөн Касыбеков, Кенжебек Арыкбаев, Олжобай Токтосунов, Нурбубу Бодошова, Тологон Сулаиманов, Алмаз Темирбек, Машакбай Рахманкулов, Адилет Айтикеев, Каныбек Сапаров, Чынайым Кутманалиева, Айсулуу Эсен ар тараптан колдоп, кеп-кеңешин берип келишти. Баарына терең ыраазычылык билдирем!

Укуктук жактан колдоо көрсөтүп, соттук процесстерде жардам берген Медиа Полиси институтуна, Журналисттер коомдук бирикмесине, медиа эксперт Марат Токоев агайга, Көз карандысыз журналисттер союзуна терең ыраазычылык билдиребиз!

Учурда интернет тармагы өнүгүп жатканына байланыштуу, "Ачык саясат плюс" гезитинин электрондук варианты жана сайты иштелип жатат. Кудайым буюрса келе жаткан Сентябрь айында ишке кирип калышы керек.

Учурда биздин редакцияда иштеп жаткандар Машакбай Рахманкулов, Адилет Шайлообеков, Бектур Авадбеков, Мунира Корчубекова, Алина Сабатбекова, Фархат Борукеев! Гезитибизде иштеп кеткен журналисттер! Ар тараптан колдоо көрсөтүп келген ага-эжелер! Жалпы окурмандар! Ошондой эле Апам, бир туугандарым, кайын журтум жана үй-бүлөм! Сиздерге терең ыраазычылык билдирем!

Журналист болуп калыптанышыма устаттарым Бабырбек Жээнбеков, Рыскелди Момбеков, Нурбүбү Бөдөшеванын салымдары чоң. Учурдан пайдаланып аларга терең ыраазычылык билдирем!

Бабырбек агайымдын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

Назгуль Мамытова, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн