КР Президенти Садыр Жапаровго
Кайрылуу кат
“Башчысы болбой марыбайт,
Баш аламан жарыбайт.”
“Манас”
“Калыстык болмоюнча - теңчилик жок,
Теңчилик болмоюнча-адилеттик жок.”
Мойт аке.
Урматтуу Президент, жыл тогошоорго жуук таңында Сизге кайрылуу ниетинде калем алып отуруп, ири алды өзүңүзгө бекем ден соолук, эл-журт башындагы жооптуу ишиңизге ийгилик каалоо менен, оо Улуу Жараткан! Эл-жерибизге тынччылык, токчулук бер, бөөдө кырсык, коогалаңдан сактайгөр деген ниет дуба салтынан соң катымды баштамакмын.
Байыртан берки көөнө акыл-ой булактарында эң биринчи Сөз болгон делет. Ооба, грек филосов-материалисти Демокриттин: “Мамлекет башкаруу өнөрү – өнөр аттуунун төрөсү” дегенин эске алсак да, сөз өнөрүнүн ролу андан кем болбос. Дегенибиз, ак калпак кыргыздын кайгы-муңу, үмүт-тилеги, кайрат-күчү, намыс-жигери Айкөл Манас бабабыз болсо, анын эрдигин даңазалаган жана да катмарланган көчмөн доорлордун турмуш күүсүн, драма-сырын, осуятын океандай мазмун-сюжетине ширеген “Манас” тарыхый эпосу да, эзелтен элибизге өлсө кепин, жашоосуна сепил – Ала-Тоо мекенибизге катар бизге таяныч, медер, ак кызматын өтөп келет.
Мына ошол оозеки адабияттын дүйнөлүк шедеври “Манас” жаратып, жазма адабияттын шедеври Чыңгыз Айтматовду ааламга чыгарган элдин бүгүнкү адабиятынын ал-ахыбалы кандай, деген кыйгас суроого "эшикте калган жетим баладай" деп жооп бергенге аргасызбыз.
Күнү-кечээ “Кумтөр маселеси боюнча кызматташканы келдим!” деп, Ала-Тоону аралай чаап жүргөн алгачкы президент А.Акаев Эгемендиктин башталышында эле эшикке чыгарып салган, бүгүн аты бар, заты жок, кейпиндеги Жазуучулар союзу тээ XIX кылымдын соңундагы ак падыша Николай бийлик учурунда курулган эки кабат эски имараттын эки бөлмөсүн ижаралап, үргүлжү күн өткөрүүдө. Кыргызстан калемгерлерине эсил СССР алпештеп салып берген өздүк мүлк байлыктар кайдалап, эми өкүнө жер муштап, башты ташка, ташты башка койгуласак да кыйраган ордуна келмекпи, аттиң...
Жылкы жаныбар деле акыр-ноосуна айланчыктайт. Кечээ босогосун аттасак, союздун ичинде кандайдыр бир жандануу бардай. Көрсө, жакында Мамлекеттик Токтогул сыйлыгы берилет экен! Мурдагы жүз миң сом ордуна жаңы бийлик бир миллион сом байге коюптур. Соңку 16-20 жылдар аралыгындагы адабий китептер гана жарышка түшөт экен. Мурдагы айлыктуу комитети жоюлуп, кайра уюштурулган Токтогул сыйлыгын ыйгаруу комиссиясына юридикалык чыгармачыл союз – уюмдар тарабынан эки талапкер сунушталып, лауреаттык аныкталат экен. Жазуучулар союзунун жетекчилиги кеңешип, расмий жарышка түшкөн 15 талапкердин экөөн электен өткөрүү укугун президиум деп, аталган калемгерлер жамаатына тапшырып, алар китептерди үйлөрүнө көтөрө кетип, шымалана окуп баштаган экен деген жаңылыктар топтомуна туш келдим. Баракелде!.. Бирок да, ар дайым саясат дейбизби, турмуш, жашоо дейбизби, эл арасын жөө-жалаң аралап, мезгил тамыр кагышына баам салгандай эле болуп жүргөн мага да али толук кабарсыз бул маанилүү иш-чара кампаниясы кандайдыр бир “ит куугандай”, адаттагыдай бир ууч топтун каалоо чечимине ылайык жүрүп жатышы шекшинтип, бир чети журналисттик бүйүрүм кызый,
Сизге кайрылып жатканым.
Мына өзүңүз, мамлекетти башкаруу рычаг-руль- тизгинин мыйзамдаштыруу менен толук жеке колуңузга алдыңыз. Бул бизге - айрымдар ойлогондой оңой жол-ыкма эмес. Опуртал-кооптуу, милдет-жооптуу, батыл-тобокел жол. Садыр Жапаровдун татаал тагдырына береги Эгемендик - өз алдынча күнкорсуз жансактоонун тумандуу жолунда, жыргалынан азап-шору арбын кыргыз эли, айрыкча бейиштей жеринен тентип кеткен жаштардын бул жактагы көпчүлүк катмары күмөндүү тагдырын бирге байлады. “Эми ушул киши уурдап, уурдатпайт го, алдабайт го...” деген ишенимде ээрчиди. Бул буга чейинки эл башчылардан үч көчкөн журттай көңүл калгандагы жашоо кербези, үмүт-кыял, бүлбүл жанган ишеним... Жана да Кайрылуубуздун сап башындагы кайран Мойт акенин калыстык-теңчилик-адилеттик осуятын эстейли да, адамзат урпактарынын ыймандуу калыптанышына ата-эне, мугалим, айлана-чөйрө сыяктуу эле улуу мектеп – рухий өнөрдүн баштоочусу адабият жаатына келсек, кыргыз жазма сөз-калем өнөрүнүн тарыхына үңүлүп көрсөк, айкындык, адилдик болгонбу? Жаңы ой, көркөм, нукура чыгармаларды, таланттуу авторлорду колдоо, коргоо, барктап-баалоо болгонбу?
Агайым, кезинде ОшПИнин профессору Ж.Шериев: “Тарыхты тактабасак, артыбыз туман, алдыбыз шор” деген эле. 1936-жылы Сталин идеологдору тарабынан уюштурулуп, компартия одасын ырдатуунун куралына айланган “Эл акыны, Эл жазуучусу ж.б.” наамдар кимге берилди? Артка карайлы, бизде алгач “Эл акыны” наамын 1946-жылы Аалы Токомбаев өзү алган экен. Кайран Аалыкең ардактуу наамды чейрек кылымга чукул мезгил бою жапжалгыз көтөрүп келгенин караң... Анан Жантөшев, Сыдыкбеков, Үмөталиев, Маликов, Айтматов ... жана башкалар. Кантсе да, баш-аягы СССР кыйраганга чейин “Элдик” наамдуулар 15тин тегерегинен ашпаптыр. Андагы наамдуулардын көбүнүн көздөрү тирүү кезде эле китептери өлдү. Дагы да эстейли, жаштайында жайраса да бүгүн ырлары тирүү айтылган Турар, Жолон, Тургунбай, Мукан “Элдик” эмес беле? Кыскасы, кудай урган “Элдик” наамы ал тургай дүйнөлүк обончу Рыспайга ыраа көрүлбөгөндөн кийин, кимге опоо... дейсиң. А-ал анан, Эгемендик тебетейи колго тийгени наам, сыйлык дегени чачыладай чачылыптыр, эй! Баарын кыйсыпыр түшүрүп, кыйраткан Акаев бийлиги негедир СССРден мурастаганы ушул - “аты улук, супарасы курук”, алдамай, теңдемей, ооз жабаардын оңой, эң арзан, бепбекер ыкма-жолун өркүндөттү, өстүрдү. Жыйынтыгында Кыргыз Республикасы армиясы жок генералдар, илимий ачылышы белгисиз академиктер толгон, кезегинде Азияда ат ойноткон ак калпак элдин урпактарынын толукшуган жаш күчтөрү тентип, дүйнөдөгү карызкор, саналуу жакыр өлкөлөрдүн катарына түшүп отур...
Атаңдынгөрү дүнүйө, акыйкатты, алдым-жуттум, ууру-каракчылык, сабатсыздыкка, деградацияланып баратканыбызга адабият айгайлап чыгышы керек эле го... Айтчу кыраандар “жемге” түшүп берди. Биринин баласы министр, бирөөнө мейманкана, бирөөнө базар, бирөөнө кафе ж.б. устукандалып, унчукпай олтуруп калышты. Ал эми Салижан, Алым өңдүү сейрек калемгерлер канкакшап айтып, жазышты, бирок аларды адабият хору коштогонго жараган жок.
Адабият хору демекчи, былтыркы октябрь козголоң учурунда раматылык Бейшенбек Бекешов бир топ калемгер, маданият кызматкерлерин чакырып, аянттагы жаалданган жаштарга кандай акыл айтабыз дегендей кеңешти ортого салса, көпчүлүгү “Кайрылуу жазалы” деп күлкү келтиргеничи. Чыдай албай мен “Ээ кокуй, кайрылууну кимге жолдойбуз? Президент Жээнбеков баш болуп депутаттары качып жок. Жүргүлө аянтка баралы, элди жок дегенде сабырга чакыралы...” десем, Бейшенбек экөөбүздөн башкалары ал жакка барган эмес.
“Салижан, мен көбүнчө сыртта жүрүп, чолоом да тийбейт. Адабияттын ахыбалы кандай? Жаштар кандай келатат?” деп Чыңгыз агабыз Жигитовдон сураса, “Чыңгыз Төрөкулович, беймарал жүрө бериңиз, артыңыз “тыптынч”... деп, азил-чыны аралаш жооп берген экен. Ооба, азыр да тыптынч. Ансыз да аз, али туруктуу калыптана элек кыргыз окурманы болуп көрбөгөндөй азайды, тескерисинче, адабият кодурасы болуп көрбөгөндөй коолап-чайлап чыга келди. Таптакыр китеп окубаган, маңкурттардын бүтүндөй бир мууну пайда болду.
Мына эми, Токтогул сыйлыгын азыркы бийлик баркын көтөрүп койсо, тапатаңдан калемгерлердин жоон тобу китептерин кароо-сынакка өздөрү эле коё койгонго үлгүрүштү. Кокус, Нобель сыйлыгынын филиалы Кыргызстанда ачылып калганда накта кырылыш ошондо болмок окшойт. Президенттикке 100гө чукул, депутаттыкка миң нечеси чуркап жүргөн кенедей кедей өлкөдө мындайга эч ким таң калбас ашмалтай жашоо ыңгайы калыптанды.
Кеп эми эмнеде? Кеп, Жазуучулар союзунун 600дөй мүчөсүнүн арасынан өздөрүн сууруп чыгып, өздөрүнчө ыкташып шайланып алган бир ууч президиум аталган топтун каалоосунда турат. Алардын бир далайынын китептери байге көксөп, каттоодон өтүптүр. Арасында бир да адабият таануу, изилдөө, сындоо жаатында алектенген калемгер жокко эсе. Текши наамдуулар, баягы камдуулар. Узун сөздүн кыскасы, “иттин өлүгү” мына ушул президиумда катылып жаткандай. Эмне үчүн элге, окурманга айкындалып, талкууга салынбайт? Демократиялуу деп аталган өлкөдө теле-радио, интернет, басма сөздө кызыл-чеке, талаш-тартышка түшүп, ой, сунуш, сын, баа, нарк “көк бөрүсү” тартылбайт. Журналисттер жана Жазуучулар союзунун мүчөсү катары мен кайра-кайра сурамжылап, эч кимден, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбековдон да так жооп ала албай койдум. Баары “сайтка чыккан да” дейт. Мамлекеттин бирден-бир расмий басылмасы “Эркин-Тоого” да жарыяланбаса, ал эмне деген мамлекеттик иш-чара, жобо деп баш катыра сайттарды чукулап таппадык. А тиякта өздөрүнчө эле күдүңдөй, күжүлдөй иштеп жатышат. Кайра Горбачёв айткандай “Процесс пошёл!”. Дагы да атаңдынгөрү, айтылуу “Көкөтөйдүн ашында”, ат чабышка айдалаар эки миңдей күлүктөр каттоодон өткөндө, аш башы Айкөл Манастын буйругу менен чобурлары иргелип, эртеси тең жарымын азайткан акылман жайчы-сынчы Алманбет баатырдын качанкы доорундагы айкындык менен калыстыкка аргасыз тан бересиң... Баарынан кызыгы эл, окурмандар кайсы автордун кандай чыгармасы бул аттуу-баштуу Токтогул сыйлыгына көрсөтүлүп жатканын билбейт. Аны ошол президиумдун бир ууч мүчөсү гана билет көрүнөт. Ошондуктан бул “бармак басты, көз кысты” болуп жүрүп жаткан Жазуучулар союзунун ишин токтотуш керек. Токтогул сыйлыгына көрсөтүлүп жаткан чыгармалар бери дегенде 6 айлык мөөнөттө элдик талкууга коюлуп, гезит-журналдарда, радио-телевидение, сайттарда кеңири иликтөөгө алынышы абзел.
Урматтуу Президент, мына эми акыры өзүбүзгө, Сизге кайрылар сөздүн удулуна келдик. А балким сунушубуз суу кечпестир, бирок да айтылгандай аламан жарышты алаңдатып, алдын ала жүрөктөрүн дүкүлдөтүп, аягы ызы-чуулуу акыйлашмайга айланаар ашмалтай адаттан бир куткарсаңыз, Сиз гана куткарасыз деген үмүт чоң. Эрнис Турсунов абабыздын, “Дүйшөн, Омор устатыңа айта бар! Токтогул сыйлыгын ыйгаруу комитетинде Бексултан Жакиев турганда Омор Султановго Токтогул сыйлыгы эмес, Токтогул сыйлыгынын тезеги да жок...” деп азилдеген ачуу чындыгы азыр да эсимде. Аталгандардын экөө бул жалгандан өтүп кетти. Омоке 90го жууктап, үйүнөн чыкпай калды. Салыштырып айтканда, Алыкул кыргыз поэзия кыртышына жаңы көчөт отургузса, Омор Султанов аны байтүп даракка айландырды. Акыйкатта, Айтматовдон кийинки сырт дүйнөгө таанымал талант катары чоң Түркия кезинде Омокеңдин 80 жаш мааракесин да көкөлөтүшпөдүбү.
Убагында маркум Ашым Жакыпбековдун “Теңири Манас” китеби Токтогул сыйлыгына көрсөтүлгөндө талапкерлерден белгилүүсү К.Жусупов, А.Стамов Ашыкеңдин арбагы үчүн байге жарыштан баш тартканы чын. Өлгөндө эле дүпүлдөтпөй, Омордой улуттун классик акынына азыр жол берсек али кеч эмес, бир жагынан өнөрпоз аттуунун баарына эле акыйкат сабак болмок...
Демек, Урматтуу Президент, укук да, эрк, жарлык да өз колуңузда.
Башкасын айтпаганда да, калдайган түрк тектүү дүйнөгө аттын кашкасындай таанымал акынга кечиккен байгеси ыйгарылып калса, акыйкат издеген кыргыз элинде акыры акыйкат орноптур деген аңыз кеп айтылып калаары турган сөз!
Дүйшөн Керимов
«Эркин-Тоо» гезити, №154
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн