Бугу 13, 2024
Убакыт: 01:10
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Адахан Мадумаров 2024-жылдын февраль айына чейин камакта калтырылды

08.12.2023 17:53
278
Адахан Мадумаров 2024-жылдын февраль айына чейин камакта калтырылды


Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров 2024-жылдын 9-февралына чейин камакта калмай болду. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук соту кабарлады.


Сот депутаттын үстүнөн козголгон кылмыш ишин карай баштаган. Отурум жабык эшик артында өтүүдө.


"Жактоочу саясатчынын бөгөт чарасын өзгөртүүнү суранган. Адвокаттардын айтымында, ЖК депутаттарынын басымдуу бөлүгү Мадумаровду үй камагына чыгаруу өтүнүчүнө кол коюп беришкен, бирок сот аны четке какты. Саясатчы 2024-жылдын 9-февралына чейин тергөө абагында болот", — дешти соттон.


Белгилей кетсек, Адахан Мадумаров сентябрда кармалып, соттун чечими менен камакка алынган. Эл өкүлү мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталууда. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн