6-7жаштагы балдар сабакка убагында барат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров парламенттин 12-январдагы жыйынында айтты.
"Жыйындарды саат 10:00гө белгилегенден кийин убагында баштасак, 5 мүнөт калганда кирип, отурсак. 7-6 жаштагы биринчи класстын балдары саат 7:30да биринчи сабакка барып жатат. Укаланып келип алып, бул жерде «жетим чогулуш» өткөрөсүңөр. Тартипти өзүбүздөн баштайлы. 10:00дө жумуш башталышы керек",- деди Адахан Мадумаров.
Депутат кесиптештерин жыйындарга кечикпей келүүгө чакырды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн