Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:38
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.845
0.885

Адахан Мадумаров: Бүгүнкү кырдаалды президент Сооронбай Жээнбековдон башка эч ким жөнгө сала албайт

13.10.2020 09:11
10283
Адахан Мадумаров: Бүгүнкү кырдаалды президент Сооронбай Жээнбековдон башка эч ким жөнгө сала албайт


“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров “Азаттык” үналгысына курган маегинде президент Сооронбай Жээнбековду азыр кызматтан кетүүгө чакыргандар өлкөнү коркунучка кептей турганын билдирген. Ал мамлекет башчысы баарын мыйзам талаасына кайтарышы керектигин белгилеген.


“Саясатчылардан жападан жалгыз президентти тааныбаган Мадумаров болгон. Аны мен коргогум келбейт. Мага өлкө, эл, мамлекет керек. Ал мен тааныбаган президент. Бирок бүгүнкү кырдаалды ал кишиден башка эч ким жөнгө сала албайт. Ошондуктан, президентти үч күндө, беш күндө кетиши керек дегендер өлкөнү аябагандай коркунучка салууда. Орус саясатчылары бекеринен "мамлекеттүүлүгүн жоготуп алуу алдында" деп айткан жок”- дейт ал.


Видео "Азаттыктын" YouTube каналынан алынды

Пикирлер (10)

Коопсуздук коду
Таlai
Президент, С.Жапаровду колдоп тигил кузгундарга жалгыз таштап кетпесин, экөө биригип иш алып барсын, баардык иштер өз нугуна түшкөндөн кийин Президенттикти Садыр Нургожоевичке өткөруп кетсин.
Анар
Садыр эмне,ушунчалык эле кыйынбы?Андан башка кадр жокпу?Абдан коколоттунор го.Ажо созуно туруп,анын бийлигин мыйзамдаштырып ьерди,а алчы?Кайрадан бийликке жутунуп,ойдо жылгысы келип,сен да бийлик учун жаралган,бир кокуй окшойсун!
Гайратбек
Адахан Мадумаров туура айтып жатат менмин ойумча
Алик
Мадумаровдун пикири эн туура жол.
Гулнара
Кыргызстанга тынчтык .элибизге жакшы жашоо керек.
Анара
Ой кетпесин президент. Анда вообще болобуз го, так талашкандар талкалап салат мамлекетибизди. Кырдаал бир нукка тушкондон кийин, тушконуно коз жеткенден кийин кетиш керек.
Майрам
Эн туура башка өлкөлөрдүн лидерлердин да оюу ушундай болууда Жапаров ко кыйын болот президенттин колдоосу гана болот эки лидерди ынтымакта чакырам эне катары.