Президенттикке талапкерлер Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Каныбек Иманалиев жана Канатбек Исаев биригүүнү чечишти. Бул тууралуу Адахан Мадумаров Facebook социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
“Талапкерлер менен биригүүнү чечтик. Талапкерлердин билдирүүлөрү бүгүн, 29-декабрда саат 12:00дө “Орион” мейманканасында өтөт” – деп жазган Адахан Мадумаров.
Учурда президенттикке талапкерлер маалымат жыйын берип, биригүү тууралуу маалымат берип жатышат.
Ошондой эле, эртең меморандумга кол коюлары да айтылууда
Пикирлер (3)