Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 22:36
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Адахан Мадумаров Конституциянын жаңы долбоору боюнча пикирин билдирди

20.11.2020 15:09
814
Адахан Мадумаров Конституциянын жаңы долбоору боюнча пикирин билдирди


Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров Конституциянын жаңы долбоору боюнча пикирин билдирип, аны кескин сындады. Бул тууралуу ал тараткан билдирүүсүндө айтылган.


“Алтынча чакырылыштагы Жогорку Кеңештин мөөнөтү 28-октябрда аяктаган. Бул парламенттин мыйзам долбоорун элге алып чыгууга укугу жок. 2021-жылдын 10-январына референдум дайындоого моралдык да, юридикалык да укугу жок. ««Референдум жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 12-беренесиндеги 3-бөлүмүнө ылайык, Баш мыйзамды өзгөртүш үчүн референдум жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке келип түшкөндөн бир айдан эрте эмес, үч айдан кеч мөөнөттө, депутаттардын көпчүлүк добушу (жалпы депутаттардын үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмес) менен кабыл алынышы керек. Бийлик узурпациясына – жок, элге каршы Конституцияга – жок, адам укуктарынын жана эркиндигинин бузулушуна – жок”, - деп айтылат аталган кайрылууда. 

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Полотов
Мадумаров президентик башкарууга отуу зарылдыгын билдирип атпады беле. Эми мооноту убагы ж.б туура эмес деп чыкканы чычалагандыкпы же багыты жок саясатчынын мунозубу?
Таа
Азамат!