Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Республикалык кардиология борборуна жаткырылганын 26-октябрда депутат Гуля Кожокулова билдирди.
Анын айтымында, ал ооруканага барган. "Албетте, кайтарышууда, алар эч кимди киргизбей жатышат" деп кошумчалады ал.
белгилей кетсек, Мадумаров 2-сентябрда кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Ага мамлекетке чыккынчылык жана алдамчылык беренелери боюнча айып тагылууда. Сот жабык эшик артында өтүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн