Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 06:47
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Адахан Мадумаров Талант Мамытовго нааразы болду

22.06.2022 16:02
928
Адахан Мадумаров Талант Мамытовго нааразы болду


Парламент жыйынында депутат Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго нааразы болду. Буга айрым фракция лидерлерин төрага кабинетине чакырып, "Бүтүн Кыргызстандын" лидери чакырылбай калганы себеп болгон.


"Эки-үч жолу фракция лидерлерин кабинетиңизге чакырып алып жыйын өткөрүптүрсүз. "Бүтүн Кыргызстан" менен "Ыйман нуру" эмнеге жок деп сурашса, сиз "алар бары бир колдобойт да" дептирсиз. Биз колдойбузбу, жокпу биздин жумуш. Жабык эшик артында отуруп алып маселени кабыл алганды койбойсуңарбы. Бул жакшылыкка алып келбейт, теңчилик болгон жакшы го. Мадумаров колдойбу, колдобойбу сиз жетекчи катары фракциянын лидерин чакырууга милдеттүүсүз. Мен отурам, башка фракциянын лидерлерин бирден чакырып жатышат. Эмне болду десем, төрага чакырып жатат дешти. Эмнеге десем "казинону өткөрүп бергиле деп жатыптыр" дешти. Бул уят маселе, теңсиздик, адилетсиздик. 90 депутаттын ким экендигине карабай бирдей мамиле жасалышы керек. Мына дайыма ушундай болот, кылтыйып бир маселени өткөрөрдө эле "Бүтүн Кыргызстан" чакырылбасын деп... Токтотуп жүрүңүз, бул менин кеңешим", - дейт ал.


Төрага Талант Мамытов эки жолу фракция лидерлери чакырылганын, бирок анда башка маселелер талкууланганын белгиледи.


"Адахан Кимсанбаевич, сиз ушинтип айтыптырсыз деп калдыңыз. Ким айтты сизге ушул сөздү. Ошол айткандар ким экенин так көрсөтүп, атын атаңыз. Бирөөлөрдүн атынан эмес конкреттүү түрдө өзүңүздүн атыңыздан айтыңыз", - деди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн