Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 15:14
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Адахан Мадумаров кырдаалга жараша позициясын өзгөртө береби?

23.11.2020 11:55
3539
Адахан Мадумаров кырдаалга жараша позициясын өзгөртө береби?


Негизи эле саясатчылардын бир нече жүзү бар экени айтылып келатканына көп болду. Ошонун анык чындык экенин 4-октябрда болуп өткөн парламенттик шайлоо, 2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик шайлоо далилдеп отурат. Саясий күрөштө атаандашын жыгып түшүү максаты үчүн эле позициясын өзгөртө салуу, болуп жаткан нерсени болгон жок деп айтуу жагынан кыргыз саясатчылары алдына башкаларды салбаса керек. Биз мына ушундай саясатчылардын бейнесин аздыр-көптүр ачып турууну туура көрдүк. Бул жолу каарманыбыз – «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров болмокчу.


2020-жылдын 4-октябрына парламенттик шайлоо жарыялангандан тарта Адахан Кимсанбаевич ошол убактагы бийликтин иш-аракеттерин колунан келишинче катуу сынга алуу менен алек болду. Алтургай дүйнө мамлекеттерин каптаган коронавирус пандемиясын да кыргыз бийлиги ойлоп чыгаргандай пикирлерин айткан. Бул пандемияны алдын-алуу үчүн бийликтин жасап жаткан кадамдарынын баарын «Элди митингге чыгарбоо үчүн жасалып жаткан аракеттер» деп баалаган. «Мен буга ишенбейм. Бул кыргыз бийлигинин эле саясаты» деди. Андан көп узабай «200 миң сом беребиз деп балп эттирип коюшту эле, байкуш медиктер жок оору менен «ооруп» калышпадыбы» дей баштады. «Көчөгө чыкпагыла, амандашпагыла дейт. Корккондор титиреп отура берсин, мен кол алып эле амандашам» деп да айтты.


Ошентип ал коронавируска таптакыр ишенбей турганын катар-катар айтып оозун жыйгыча эле, июль айында өтө чоң жоготуулар болуп өттү. Кыргызга белгилүү инсандар дүйнө салды. Бул пандемия байлыкка да, атак-даңкка да карабай турганын көрсөттү. Ошондон кийин А. Мадумаров «Мен коронавирус жок деп айткан эмесмин» деп актанууга өткөнүн билебиз. Ал коронавируска элди ишенбөөгө чакыруу менен ошол убактагы бийликке элдин нааразычылыгын жаратам деп ойлогон. Бирок, анын ою тетири жагынан чыккан эле.


Эми 2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоонун алдында А. Мадумаров өзүнүн башкы атаандашы болгон Садыр Жапаровду алсыратуу максатында конституциялык реформага каршы чыгып баштады. Бул багытта жасалып жаткан иш-аракеттерди ал толугу менен мыйзамсыз кадамдар катары баалоодо. «Мындай кадамга баруу Акаевдин да, Бакиевдин да, Атамбаевдин да, Жээнбековдун да оюна келбесе керек» деди ал мындан бир ай мурун маалымат каражаттарынын бирине курган маегинде. Болбосо, буга чейин ал өзү да «Бизге күчтүү президенттик башкаруу керек. Азыркы Конституция менен биз өнүгө албайбыз» деп айтып келген. Ал кезде Мадумаров конституциялык реформа жасоону өтө зарыл муктаждык катары баалачу.


Эми эмне болду? Ошондой конституциялык реформа жасоо керек экен деп Садыр Жапаров бийликке келери менен башкы маселе катары көтөрүп чыкты эле, Мадумаров дароо ага каршы чыкты. Эгерде ал позициясынан тайбаган саясатчы болсо, анда Садыр мырзаны биринчилерден болуп колдоп чыгышы керек эмес беле? Же атаандашын жыгып, жеңишке жетүү үчүн позицияны чукул буруп жиберсе деле боло береби?


А. Мадумаров 2010-жылдагы апрель окуясын революция эмес, «куралдуу жырткычтардын бийликти күч менен басып алуусу» катары баалап келген. С. Жапаров да өз сөзүндө апрель окуяларына бир гана Бакиевдер күнөөлүү эмес дегендей пикирин айтты. Эгерде Адахан мырза чындыкты гана айтканды жакшы көрсө, анда ушул жерден да С. Жапаровду «туура айтты» деп колдой эле. Анте алган жок. Себеби, ал президенттик шайлоодо башкы атаандашы болуп турат. Жеңишке жетиш үчүн атаандашынын оң жактарын айтуу эмес, анын кемчиликтерин гана издөө керек деген принцип менен баратканы түшүнүктүү болуп турат.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (9)

Коопсуздук коду
БУРУЛ ШАМШИЕВА
ЕКАТЕРИНБУРГ ШААРЫНА БАРГАНДА КОРУП ЭЛЕ АДАХАН ЭЛ АДАМЫ ЭМЕС ЭКЕНИН БИЛГЕНМИН... СЕБЕБИ ЭЛ АДАМЫ ЧЕЧКИНДУ БОЛОТ... МЕН СУРО БЕРДИМ ЭМНЕ УЧУН ШАЙЛОЧУ БОЛУП БАРСАК БИР ОН ЧАКТЫ АДАМДЫ КИРГИЗБЕЙ КУУП ЧЫКТЫ СУЙЛОНСОК МИЛИЦИЯГА САЛЫП БЕРБИЗ ДЕП КОРКУТТУ ДЕП АЙТСАМ... ТАК ЖООП БЕРБЕЙ ЭЛЕ МЕН МАКУЛ ЭМЕСМИН ДЕГЕН ДАГЫ БИР МЫНДАН ОН ОНБЕШ ЖЫЛДАГЫ СОЗДОРУН СУЙЛОП КОЙДУ... МЕН АЙТКАНМЫН ДАГЫ ДАЛЕ МЕН ЖАНА ДА МЕН ДЕП СУЙЛОГОН КИШИ
Марс
Жыл аягына чейин кат-кат бет каптар дагы сыйрылат . Өз абийирин өздөрү төгөт.
Тагаев Тимур
Мен такыр кошулбайм.Адахан Мадумаров андай адам эмес.силер жаза бересинерда, даба жок силерге
Кыргыз жигит
Адаханга асылбай эле оокатынарды кылгылачы...
Сабыр Тилегенов
Адахамжон-Саткын,хамалеон!!!