Бугу 12, 2024
Убакыт: 21:19
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Адахан Мадумаров ооруканадан УКМКнын СИЗОсуна которулду

03.11.2023 10:00
279
Адахан Мадумаров ооруканадан УКМКнын СИЗОсуна которулду


Соттун чечими менен камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров ооруканадан УКМКнын СИЗОсуна которулду. Бул тууралуу 24.kg’ге «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан билдиришкен.


Мирсаид Миррахимов атындагы кардиологиялык борборго жаткырылгандан кийин тергөөчү жана камакка алынган адам дарыгерлердин кароосунан өтүп, дарылар жазылганы такталган.


Эскерте кетсек, Адахан Мадумаров 26-октябрда ден соолугунун начарлашына байланыштуу ооруканага түшкөн.


Эл өкүлү 2-сентябрда кармалып, соттун чечими менен УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн