Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун ден соолугунун абалы оор, деп билдирди адвокат Майрамбек Жумабеков.
«Ал бүгүн соттук отурумда болуп, кан басымы көтөрулүп жатканын билдирди», — деди Жумабеков.
Саясатчынын эжеси Рахиля Мадумарова сотторго кайрылып, инисинин ден соолугун эске алууну суранды. «Анын жүрөгүнө кардиостимулятор орнотулган жана кант диабети менен ооруйт. Бардык жакындары анын ден соолугуна абдан кабатыр. Ооруканада дурус дарылануусуна уруксат бербей, кайра СИЗОго алып кетишти», - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн