Бугу 13, 2024
Убакыт: 02:29
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Адахан Мадумаровдун иши. Тергөө бардык материалдарды Башкы прокуратурага жөнөттү

04.10.2023 18:09
395
Адахан Мадумаровдун иши. Тергөө бардык материалдарды Башкы прокуратурага жөнөттү


Жогорку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун “Алдамчылык” жана “Мамлекетке чыккынчылык” беренелери боюнча козголгон иштери биригип, “жашыруун” деген берене менен Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу жактоочу Юлия Богданова билдирди.


Анын айтымында, башкы көзөмөл органы беш күндүк мөөнөттө айыптоо корутундусун түзүп, аны сотко берүүсү керек.


«Иш жашыруун болгондуктан, иш менен таанышуу бир топ кыйын болду. Бизге ксерокөчүрмө жасоого да уруксат берилген жок», - деди адвокат.


Ал кошумчалагандай, болжол менен беш күндөн кийин материалдар сотко жөнөтүлөт.


Белгилей кетсек, Адахан Мадумаров 2-сентябрда кармалып, УКМКнын кармоочу жайына киргизилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн