Бугу 13, 2024
Убакыт: 21:39
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Адахан Мадумаровдун иши боюнча 50дөн ашык күбө суралды, - жактоочу

27.02.2024 16:39
224
Адахан Мадумаровдун иши боюнча 50дөн ашык күбө суралды, - жактоочу


27-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун иши боюнча соттук отурум өтүүдө.


Соттук отурумга судья Мирбек Сатарбек уулу төрагалык кылууда.


Процесс жабык эшик артында өтүүдө.


Адвокат Ольга Богданованын айтымында, 27-февралга карата бул иш боюнча 50дөн ашык күбө суралган. Чындыгында тизмедеги күбөлөрдүн баары суракка алынды, бир нече адам калды, алардын келишин прокуратура камсыздап жатат, дейт ал.


Анын айтымында, бүгүн алдамчылык боюнча жабырлануучу тараптын кошумча күбөлөрү суралмак.


Мадумаров 2023-жылдын 2-сентябрында кармалып, "мамлекетке чыккынчылык" жана "Алдамчылык" беренелери менен шектелүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн