Бугу 05, 2024
Убакыт: 06:37
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Адахан Мадумаровдун иши боюнча Токон Мамытов сурак берип жатат

08.02.2022 10:19
646
Адахан Мадумаровдун иши боюнча Токон Мамытов сурак берип жатат

Кыргыз Республикасынын мурдагы Акыйкатчысы Токон Мамытов Адахан Мадумаровдун иши боюнча Башкы прокуратурага суракка чакырылды. Бул тууралуу 24.кг агенттиги өздүк булактарына таянып билдирди.


Басылманын маалыматына караганда, азыркы учурда Токон Мамытов сурак берүүдө. 


Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу 2009-жылы кол койгон протоколго байланыштуу бир нече жолу сурак берген.

Ал эми Токон Мамытов 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо Мадумаров баш болгон "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен шайлоого катышкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн