Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Башкы прокуратурага суракка чакырылды. Бул тууралуу АКИпресс агенттиги өздүк булактарына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, Казакбаев кыргыз-тажик чек арасы боюнча Адахан Мадумаров кол койгон протокол боюнча суракка чакырылган.
Эске салсак, Руслан Казакбаев 2009-жылы Кыргызстандын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп турган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн