Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров Ош шаарындагы шайлоочулар менен жолукканда өзбек тилдүү жарандарга өзбек тилинде жооп берди. Мадумаровдун бул аракети коомчулукта ар кандай талкууланып жатат.
“Кабарлар” сайты тараткан видеодон саясатчыларга баа берип жаткан “Бүтүн Кыргызстандын” лидери “сизга битта сомса едирса, сиздан йуста сомса кайтарип олади” деп жооп бергенин байкоого болот. Аны менен Мадумаров бир самса жедирген саясатчы элден жүз самсанын акысын кайтарып ала турганын кыйыткан.
Пикирлер (5)