Дүйнө алкагынан алып караганда дагы адам баласы адам сыпатын жоготуп бараткан сыяктуу. Мындай көрүнүштөн Кыргызстан да четте калган жок. Таң кала турган эч нерсе калбады. Суктана турган көрүнүштөр азайып баратат. Жан дүйнө кылдары чертилбей калды. Анын ордун жулкунуп, ыйынып, ызырынып ырдагандар ээлеп алды. Сүйүү сүйүү болуудан калды. Үч бөлмө батир, «Лексус-570» машинасы менен бааланууга өттү. Достук кызыкчылыктардын айкалышпай калган жеринен аяктай турган болду. Элдин бийликке, бийликтин элге ишеними жоголду. Экөө эки жакта туруп алып, бири-биринен шекшинип калды. Эркек эркектик дараметин «Виаграга» байлап алды. Аялзаты сулуулугун косметиканын түрүнө алмашты. Суктантып, тамшантып, кыялдарды алыс жетелей турган чыгармалар да аз жазылууда. Жазылса да, аларды окуй турган адам жок, адам сымал роботтор көбөйдү. Спорт спорт болуудан калып, жырткычтарча мушташка, канжаламайга айланды.
Айтору, адам баласы түрдүү модадагы кийимдерди кууп кийип, кымбат машиналарды «кнопка» менен жүргүзүп, укмуштай шөкөттөлө жасалган заңгыраган үйлөрдө жашап, сауна, баня, бассейн, массаж менен эс алып, таттуу тамак жеп, анан аны кайра дааратканага «тапшырып» турганынан ырахаттанып жашап калды. Кошуна кошунасынан чоочулаган доор келди. Бирөө тойду «чачырата» берсе, кийинкиси андан ашыра бербесе өзүн өтө ыңгайсыз сезе турган болду. Тойго да шашып барып, кайра шашып кете турган болдук.
Мындан да коркунучтуу «илдеттер» кара таандай каптады. Акылдуулар аябай көбөйдүк. Акылсыз эч ким жок. Эки сөздү туура жаза албагандар деле «чыпалагым баатыр» десе, фонограмма менен ырдагандар өзүн залкар сезет. Баарыбыз өзүбүздүн айтканыбызды гана туура деп калдык. Ырасында кимдин туура айтып жатканын деле билебиз, бирок моюнга алгыбыз келбейт.
Азыр биздин мамлекеттин коомунда гей-лесбиянкалардын жоруктарын пропагандалооо керек дегендер бар. Аларга каршы тургандар да бар, басымдуулук да кылат. Ошол эле убакта ашынган динчилдер бар. Алар Жаңы-Жылды тосууну да, Ноорузду да майрам деп санашпайт. Кыргыз элинде атасы тирүү кезинде баласы сакал-мурут койбойт деген тартипти алар тоготпойт. Диндин агымдары ушунчалык көбөйгөндүктөн, алардын арасында «жөн эле жата берсең, мечитке эле барып келип турсаң, Кудай сага ырыскыны берет» дегендер да кездешет. Ошол эле убакта динди сындап, ага каршы тургандар да аз эмес. Алтургай өзүн жаңы Кудай сезген Арстан Алай деген да бар. Аны чындап эле Кудайдай көрүп сыйынган тарапташтары да жүрөт.
«Шаардыктар жана айылдыктар, балконскийлер жана мырктар» деген да бөлүнүү пайда болду. Тилекке каршы, муну экс-президент Отунбаева бекемдеп койду. Дагы бир бөлүнүү - бул бай жана кедейлер. Эгемендик алганыбызга үчүнчү он жылдыкка жакын убакыт болду. Бул убакытта мультимиллионерлер чыкты. Отуз жылдан бери башы менен жер казса да бир бөлмөлүү батирге жетпей жүргөндөр да жок эмес. Бай байлыгын коруп, дагы кантип көбөйтсөм деп жашаса, кедей кантип баш калкалаар үйлүү болом деп жашап жүрөт.
Көчөдө күлүп-жайнап жүргөн адамдар азайды. Кабагын карыш салган, кайдадыр шашкан эле жан.
Мындай башаламандык, мындай көңүлкоштук жана түрдүү ыпыластыктар эмнеден улам болуп жатат деген суроо менен ойлонгондор арбын. Жообу деле даяр. Бирок, ага чара көрүүнүн аракети жасалбай жатат. Мунун баары жан дүйнөнүн боштугу, умтула турган, көздөрдөн бакыт нурун чачырата турган жалпы бир идеологиянын жоктугунан улам жаралып турат. Баарыбыздын башыбызды бириктирип, баарыбызды бактылуу кыла турган, кол кармаштыра турган идеология жок. Бийлик элден чоочуркап, эл бийликке ишенбей отурса, кайдагы бактылуулук болмок эле?
Ошондон улам ар ким бакытын ар кайсыл жактан издеп кетти. Бири Батыштан келген гранттарга бактысын байласа, бири динден бактысын тапкысы келет. Бири элде жок жорукту жасап, бат эле элге таанылып, ошонусуна сыймыктанып турууну каалайт. Бири элдин эсебиненби же мамлекеттин эсебиненби, айтор кандай болсо дагы батыраак байып алып, анан Америкага качкысы келет. Айтор, көөдөндөгү боштукту толтуруунун гана амалы.
Мындай көрүнүштү мындан ары да жайына кое берсек, анда жакында Ала-Тоо аянтында да дырдай жылаңач жүргүзү келгендер, сакал койбогондорду, намаз окубагандарды өлтүргүсү келгендер, эркек менен эркек, аял менен аял баш кошуп, үйлөнүү үлпөт тойлорун ачык бере башташат. Ага коомчулук таң калып деле койбойт. Себеби, мунун баары бизге күнүгө, саат сайын билинбестен кирип келатат. Кулагыбыз угуп, көздөрүбүз көрүп атып, таң калуу жана суктануу сезимдерин козгой турган функциябызды жоготуп алдык. Мунун баарына дагы да көңүл кош мамилени улантуу – бул өзүбүздү, мамлекеттик, улутту биротоло жоготуу дегенди түшүндүрөт.
Эмне кылуу керек? Бизге кыргыздын каада-салты, үрп-адаты, маданиятына шайкеш келген улуттук идеология керек. СССРдин идеологиясы кандай эле? Бала 1-класска барары менен төшүнө значок тагып, «Сен октябрятсың» деп, октябрят кандай болушу керек экенин, кандай окушу зарылдыгын мээге куя башташчу. 3-класстан кийин моюнга кызыл жагоо байлап, пионер болушчу. Пионер деген өзүн ар дайым таза, тыкан алып жүрүп, сабагын жакшы окуп, улууларга урмат, кичүүлөргө ызаат мамиле кылыш керек экенин дайым кайталап турушат эле. Анан комсомолдун мүчөсү, андан кийин партиянын мүчөсү болуп, айтор адам баласы жан дүйнөсү, көкүрөгү дайыма бош турчу эмес.
Бизге эми ал идеология зарыл эмес. Биз өз алдынча эгемен мамлекетпиз. Ошого жараша кыргыз элинин нукура улуттук баалуулуктарына негизделген улуттук идеология керек. Буга мамлекет өзү биринчи кезекте кызыкдар болуп, аттуу-баштуу аксакал-көксакалдар чогулуп, тирикараак жаштардан кошулуп, көкүрөгүбүздөгү боштукту толтура турган идеологияны жазып чыгууну сунуштайт элем. Жоголуп кетелекте жолубузду таап алалы!
Канатбек Аскаров
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн