Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 03:10
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Адам өлүмүнө күбө катары чакырылган "Кумтөрдүн" жетекчилери өлкөдөн чыгып кеткен

11.05.2021 19:05
1173
Адам өлүмүнө күбө катары чакырылган "Кумтөрдүн" жетекчилери өлкөдөн чыгып кеткен

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын чет өлкөлүк жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткени белгилүү болду.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 2019-жылдын 1-декабрында Лысый аймагында үйүлгөн жараксыз катмар кескин түрдө жылып, анын кесепетинен бульдозердин Ж.Ж. аттуу айдоочусу менен тоо бөлүмүнүн О.И. аттуу адиси жер көчкүнүн астында калып, каза болгон.

2021-жылдын 15-февралында “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын кенинде экскаватордун 25 жаштагы И.Ж. аттуу айдоочусу иш учурунда оор техника менен кошо Петров көлүнө кулап, чөгүп кеткен.

Аталган фактылар Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 258-беренеси (“Тоо-кен, курулуш, жарылуу кооптуулугу бар же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу”) боюнча катталган.

Үстүбүздөгү жылдын 3-майында Ысык-Көл облусунун прокуратурасы облустук милициянын тергөө кызматын мындан аркы кошумча тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн жиберген.

Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча толук жана калыс иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн тергөө кызматы 2021-жылдын 12-май күнү саат 11:00гө күбө катары “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын каржы боюнча директору Саймон Танды, “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын президенти Деон Баденхорстту, “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын ташып келүүлөр тутумун башкаруу боюнча директору Арипин Буманды чакырган.

Алдын ала болжолдуу маалымат боюнча, “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын жетекчилиги Кыргызстандын аймагынан тышкары чыгып кеткен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн