Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 20:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Адам өзү багынмайынча эч ким аны жеңе албайт

05.06.2024 18:12
223
Адам өзү багынмайынча эч ким аны жеңе албайт


Душмандарыбыз бизге сабырдулукту, кайратты, боорукерликти чыңдаганга жакшы мүмкүнчүлүк түзүп беришет.

(Далай Лама)


Ачууга алдырбаш керек. Аңга түшүп кетиш оңой, бирок андан чыгыш кыйын.

(Сьюзен Коллинз)


Эгер чыдайм деп чечкен болсоң, оору анчалык катуу сезилбейт.

(Александр Зиновьев)


Чабалдык эч кимге жакпайт, ал эми кайраттууларды болсо баары сыйлашат.

(Александрина Бобракова)


Соккуга чыдай билиш керек. Тумшукка урганына гана эмес, көңүлүңдү оорутканына да.

(Алексей Гравицкий)


Кайраттуулук – бул дененин күчтүүлүгү эмес. Адамдын денеси күчтүү, бирок жүрөгү начар болушу мүмкүн. Кайраттуулук деп жүрөктүн күчү менен чыдамдуулугун айтабыз.

(Ибн Таймия)


Даанышмандар айтат: жаш кезде кемчилик сыяктуу болуп көрүнгөн өжөрлүк кийин жакшы нерсеге – чыдамкайлыкка алып келиши мүмкүн.

(Абу-ль-Фарадж ибн Гарун)


Таймаш учурунда жеңе албасыңды билсең да кайратыңан тайба.

(Сиба Ёсимаса)


Адам өзү багынмайынча эч ким аны жеңе албайт.

(Джек Лондон)


Үшүк гүлдөрдү дайыма эле өлтүрө албайт.

(Энн Фредерикс)


Сабырдуулук гана бул дүйнөдө да, тиги дүйнөдө да ийгиликке жеткирет.

(Ибн-аль-Мукаффа Абдаллах)


Таяк жеп жаткан кшинин күчү сабап жаткан кишининике караганда көбүрөөк болот.

(Фэн Цзицай)


Мен сыймактанган жалгыз нерсем – ыйлап жатканымды эч кимге көрсөткөн эмесмин.

(Джулия Баксбаум)


-- Биз өлүп калышыбыз мүмкүнбү?

-- Мүмкүн. Бирок, өлсөк да жолдо өлөбүз.

(Самолеттон кулаган Роберто Каннеса менен Нандо Парродонун сүйлөшкөн сөздөрүнөн)


Адамды өлтүрүүгө болот, бирок аны жеңүүгө мүмкүн эмес. Эгер ал бутунда турган болсо, дагы күрөшө алат.

(Эрнест Хемингуэй)


Кайраттуу кишилер – ийкемдүү кишилер. Алар соккуга туруштук берет деп ойлойбуз, чындыгында болсо алар соккудан буйтап кете алышат.

(Донна Джексон Наказава)


Ийкемдүү мажүрүм талды шамал сындыра албайт.

(Япон накылы)


Самурайдын күчү кылычта эмес, боштукка сиңген рухунда.

(Ии Наомаса)


Ташбака аябай катуу болууга тийиш, себеби, ал табиятынан аябай жумшак.

(Станислав Ежи Лец)


Бактылуу болгусу келген киши чыдамкай болсун.

(Джейн Остин)


Ким чыдамкай болсо жеңишке жетишет.

(Немис накылы)


Эрдик – бул намыстын бекемдиги.

(Олег Кривченко)


Шамалга ийилген тростник сынбайт.

(Лин Чанг)


Ээрге отуруш үчүн көчүк эле жетиштүү, бирок ээрден ооп кетпеш үчүн баш керек.

(Василий Маргелов)


О адамдар! Алланын ыраазычылыгы үчүн бекем тургула, ошондо ал силерге кайрат берип, жардамга келет.

(Абу Убайда ибн-аль-Джаррах)


Турмуштун бороон-чапкындары аскадай бекем болууга үйрөтөт.

(Геннадий Малкин)


Эрдикти өлүм эмес, өмүр сынайт.

(Витторио Альфиери)


Кайраттуулук кан майданда эле эмес, күндөлүк турмушта да керек.

(Бенджамин Франклин)


Жумшак адамды жеңиш кыйын.

(Брюс Ли)


Мыкаачылык баатырлыкка жолдош да, шерик да боло албайт.

(Мигель де Сервантес)


Жеңилүү сен моюн сунган учурда гана болот. Моюн сунбасаң – ал убактылуу гана кыйынчылык.

(Шэрон Стоун)


Кудай бизге сыноо жиберет, бирок ал биз сыноо учурунда наалыбай, кайраттуу болушубузду каалайт.

(Партик Зюскинд)


Мамат Сабыров 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн