Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 09:41
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Адам сатууга каршы күрөшүү боюнча 3 жылдык программа бекитилди

26.04.2022 12:35
401
Адам сатууга каршы күрөшүү боюнча 3 жылдык программа бекитилди

Министрлер Кабинетинин 2022-2025-жылдарга Кыргызстанда адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасы жана министрлер кабинетинин 2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгондугун министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Программанын максаты мамлекеттик органдардын коомдук жана эл аралык уюмдар менен ишин жана кызматташуусун координациялоонун негизинде адамдарды сатуудан жабыр таркан адамдардын – жактардын укуктарын илгерилетүүгө багытталган адамдарды сатууга каршы аракеттенүү чараларынын системалуу ыкмасын жана натыйжалуулугун жогорулатууну камсыз кылуу болуп саналат.


Кабыл алынган программа төмөнкүдөй артыкчылыктарга ээ:


– адамдарды сатуунун алдын алууга, бөгөт коюуга, аларга жардам көрсөтүү жана коргоо максатында адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоого жана кайра жиберүүгө багытталган адамдарды сатууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негиздерин укуктук регламенттештирүү;


– адамдарды сатуунун алдын алуу;


– адамдарды сатууга күнөөлүүлөргө бөгөт коюу жана кылмыш куугунтугуна алуу;


– адамдарды сатуунун курмандыктарын коргоо жана жардам көрсөтүү;


– адамдарды сатууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү өнөктөштүк, кызматташтык жана ишти координациялоо.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн