Бугу 13, 2024
Убакыт: 02:14
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Адамдар намаз окуп жаткан учурда алардын телефон, акчаларын уурдаган жаран кармалды

28.10.2021 12:52
573
Адамдар намаз окуп жаткан учурда алардын телефон, акчаларын уурдаган жаран кармалды

Адамдар намаз окуп жаткан учурда алардын тедефон, акчаларын уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 21-майда борбор калаанын тургуну мечитке жума намазга келген. Аял намаз окуп жатканда ууру анын капчыгын уурдап кеткен, анын ичинде 36 миң 400 сом жана 17 миң 240 сомдук уюлдук телефону болгон. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренесинин 1-бөлүгү ("уурдоо") менен катталды. Андан сырткары 19-июль күнү кечинде мечиттен дагы бир адамдын 10 миң сомдук телефону уурдалган.


Свердлов РИИБинин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган М.У. аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Милиция кармалган адамдын башка кылмыштарга тиешеси бар экенин жокко чыгарбайт.


Буга байланыштуу укук коргоо органдары шектүүнүн аракеттеринен жапа чеккен же кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0 (705) 077-102, 0 (701) 02-83-26 жана 102 телефон номерлери аркылуу кабарлап коюуну суранат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн