Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 05:22
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Адамдар ооруканага кайрылганда кабыл албай койгон учурлар болбосун, - Боронов

10.07.2020 15:39
1125
Адамдар ооруканага кайрылганда кабыл албай койгон учурлар болбосун, - Боронов


Бишкек шаарында жана Чүй облусунда бейтаптар үчүн орундарды көбөйтүү иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды. 

Премьер-министри Кубатбек Боронов тиешелүү пункттарды көбөйтүү жана уюштуруу иштерин ыкчам тартипте жүргүзүүнү тапшырды. 

Өкмөт башчы бардык медицина кызматкерлерин жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздоону туруктуу көзөмөлгө алуу зарылдыгын баса көрсөттү. 

«Кыргызстандын бардык аймактарындагы медкызматкерлерибиз эч нерседен кем болбошу керек, алар бардык зарыл нерселер - жеке коргонуучу каражаттар, туура тамактануу, тийиштүү жашаган жери менен камсыздалууга тийиш. Бул маселе дайыма көзөмөлдө болсун. Медициналык мекемеге бекитилген кураторлор керек болсо күнү-түнү туруп, дарылоого муктаж жарандарды ооруканага жаткырасыңар! Адамдар ооруканага бир нече жолу кайрылып, аны эч жерде кабыл албай койгон учурлар болбосун. Орундарды оптималдаштырып, кошумча керебеттерди койгула. Бейтаптар үчүн кошумча орундарды даярдоо, тиешелүү бөлүмдөрдү уюштуруу жана зарыл жабдуулар менен камсыз кылууну уланткыла», - деди Кубатбек Боронов. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн