Бугу 17, 2024
Убакыт: 13:02
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Адамдарды опузалап, карактаганга шектүү кармалды

12.06.2020 15:28
959
Адамдарды опузалап, карактаганга шектүү кармалды


Карактоого жана опузалап талап кылууну жасоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, бир катар оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн шектелген адам кармалды.


Сокулук районунун конуштарынын биринде, эртең мененки саат бештерде, болжол менен 20-25 жаштагы үч эркек киши терезе аркылуу үйгө киришкен. Кылмышкерлер, үй кожойкесин бычак менен коркутуп, 30 000 сом акчасын, 15 миң сомдук уюлдук телефонун алып, качып кетишкен. Бул факты боюнча 202-берененин (каракчылык) 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши козголгон.


Мындан тышкары, борбордун тургунун коркутуу жолу менен автоунаасын күрөөканага коюуга мажбурлап, 150 000 сом берүүгө талап кылган. Бул факт 203-берене (опузалап талап кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп жатканы айтылат. 


Ал эми ИИМдин Криминалдык милиция кызматы шектүүлөрдүн бул кылмыштуу иштерден башка да мыйзамсыз аракеттери тууралуу ар кыл багыттагы тактоону талап кыла турган маалыматтар бар экендигин кошумчалаган.


“Жакынкы күндөрдүн биринде, жогоруда аталган кылмыштарды жасоого шектүү катары, Бишкек шаарынын жашоочусу 26 жаштагы Эргешбаев Эрлан Эргешбаевич аттуу жаран кармалган. Ал Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну. Жогоруда аталган жаран, буга чейин каракчылык жасагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгондугу жана түзөтүү мекемесинен качкандыгы үчүн Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан издөөдө жүргөндүгү аныкталган”, - деп айтылат маалыматта.


Маалыматка таянсак, учурда шектүү Бишкек шаарынын ИИББнын Убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө жана ыкчам кызматтар тарабынан жабырлануучу жарандардын укуктарын коргоо, кылмыш жасаган адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга далилдик базаны аныктоо жана топтоо боюнча зарыл болгон бардык чаралар көрүлүүдө.


ИИМдин Криминалдык милиция кызматы жогоруда аталган шектүү жарандын аракеттеринен жабыр тарткандар болсо, ички иштер органдарына кайрылууңуздарды суранат.


Төмөнкү номурларга кайрылууга болот: (312) 26-62-61; 0(709) 99-01-60; 0(990) 83-77-71.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн