Бугу 19, 2024
Убакыт: 19:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Адамдардын 170 миң сомун алдап алып, жашынып жүргөн жаран кармалды

Адамдардын 170 миң сомун алдап алып, жашынып жүргөн жаран кармалды

Бишкекте айып короого токтотулган 20дан ашык унааны кайра каттоодон өткөрүүгө убада кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 19-февраль күнү Октябрь РИИБине Ж.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда М. аттуу жаран Ахунбаев жана Карл Маркс көчөлөрүнүн кесилишинен арыз ээсинин ишенимине кирип, айып короодо турган жыйырмадан ашык унааны кайра каттоону убада кылып, 170 миң сом өлчөмүндөгү каражатты ээлеп алган. Андан кийин убадасын аткарбай из жашырып качып кеткен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене "Алдамчылык" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектелип, 1972-жылы туулган М.Н. аттуу жаран кармалып, тергөө абагына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн