Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 05:46
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

"Адамга адам керек": Атактуу 24 ырчыдан сабырдуулукка чакырган жаңы чыгарма (видео)

15.07.2020 09:55
3886
"Адамга адам керек": Атактуу 24 ырчыдан сабырдуулукка чакырган жаңы чыгарма (видео)

 

Кыргыз эстрада ырчылары “Адамга адам керек” аталышындагы жаңы чыгарманы тартуулашты. Бул тууралуу ырчы Султан Садыралиев инстаграм баракчасына жарыялады.


Маалым болгондой, ырдын сөзү Акбар Кубанычбековго, обону Султан Садыралиевге таандык. Ырдын обону бир ай мурун жазылган.


Ал эми ырды Султан Садыралиев, Омар, Анжелика, Гүлнур Сатылганова, Алтынай Нарбаева, Нурмат Садыров, Гүлжигит Калыков, Курал Чокоев жана башка белгилүү ырчылар аткарган.


“Кылым карыткан кыргыз тарыхта далай сыноолорду башынан кечирген... Бирок, биринде дагы башын салып, тизе бүгүп, мизи майтарылы
п багынган эмес! Кыргызстаным - жаныңда сени чын дилден сүйгөн, ар бир тоголок ташың үчүн жанын садага чапканга даяр уул-кыздарың турганда, кандай кыйынчылык болбосун бир муштумдай түйүлүп, жеңип чыгарынан эч кам санаба! Сенин жаркын келечегиң үчүн биз дайым биргебиз! Бизди бир гана максат бириктирет, ал - Кыргызстан! Жаша менин мекеним! Жаша менин сүйүктүү  Кыргызстаным!”, - деп Султан Садыралиев билдирүү калтырган.


Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Мен
А где Атабеков?
Бурул Ниязалиева
Эн сонун ыр,эн сонун чыгарма,мыкты ырчылардын аткаруусунда мааниси терен ыр,азаматсынар