Маалыматка караганда, аба ырайынын кескин төмөндөшү күтүлүп жаткандыгына байланыштуу Ош шаарына 3-ноябрдан 4-ноябрга караган түндөн тарта жылуулук берилет. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда чечим кабыл алынып, тиешелүү тармактарга тапшырмалар берилди.
Жылуулук этап-этабы менен берилип, 3-4 күндүн ичинде толук жеткирилет. Алгач ооруканаларга, бала бакчаларга, мектептерге, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Андан кийин турак жайлар менен мекеме-ишканалар жылуулук менен камсыздалат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн