Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 11:32
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Адамзат коронавирустун айынан жыйырма миллион жылдык өмүрүн жоготту

Адамзат коронавирустун айынан жыйырма миллион жылдык өмүрүн жоготту


Адамзат коронавирус пандемиясынан миллиондогон жылдык өмүрүн жоготту. Бул тууралуу Помпеу Фабра университетинин испан окумуштуулары жүргүзгөн изилдөөдө маалымдалды. Ал Scientific Report журналына жарыяланган.


Эсептөөлөр үчүн 81 мамлекетте COVID-19дан каза болгондордун саны жөнүндө маалыматтар алынган. Илимпоздор COVID-19дан көз жумган курактын айырмасын оор өлкөлөрдөгү орточо жашоо узактыгы менен салыштырышкан.


Адистер Жоголгон Жылдар (YLL - Years of life lost) деп аталган ыкманы колдонушкан. Ал адам мезгилсиз дүйнөдөн кайтпаганда, канча жыл жашай алат деп эсептөө үчүн колдонулат.


"Бардыгы болуп 81 мамлекетте коронавирустан 20 507 518 жыл жашынан айрылышы мүмкүн - ар бир өлүм үчүн 16 жыл", - деди Помпе Фабра университетинин доктору Гектор Аролас.


Бирок, эксперттер изилдөө учурунда COVID-19 менен кыйыр гана байланышкан өлүмдөрдүн натыйжасында канча жыл жоготулгандыгы эске алынбагандыгын белгилешти.


Ошол эле учурда илимпоздор пандемиянын кесепетинен жүрөк-кан тамыр жана башка өнөкөт оорулардан каза болгондор дагы көп жылдар өмүрлөрүнөн айрылышкандыгын баса белгилешти.


Daily Mailдин изилдөө маалыматтары көрсөткөндөй, Непал COVID-19дун кесепетинен бир өлүмгө кеткен өмүрдүн санын эсептөөдө дүйнөдөгү эң көп жабыр тарткан өлкө болгон. Орто эсеп менен непалдыктар 26 жылдай өмүрүн жоготушкан. Ошондой эле алдыңкы бештикке Тайвань, Боливия, Сальвадор жана Доминикан Республикасы кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн