Адыл Сыдыгалиев Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна, 71-беренесине ылайык Сыдыгалиев Адыл Бабанович Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды", - деп айтылат билдирүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн