Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дубайда өтүп жаткан Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитине катышуунун алкагында Бириккен Араб Эмираттарынын энергетика жана инфраструктура министри Сухайл Аль Мазруи менен жолугушту.
Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев эки тараптуу мамилелер динамикалуу өнүгүп жатканын белгилеп, Кыргыз Республикасы Бириккен Араб Эмираттары менен экономиканын келечектүү багыттары боюнча кызматташууну мындан ары бекемдөөгө жана тереңдетүүгө өзгөчө маани берээрин баса белгиледи.
Өз кезегинде БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухайл Аль Мазруи эки тарапты кызыктырган тармактарда жана долбоорлордо мындан аркы өз ара аракеттенүүгө жана кызматташууга даяр экенин билдирди. Ал Кыргызстандын энергетика тармагындагы потенциалын өзгөчө белгилеп, бул жаатта кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Тараптар соода-экономикалык кызматташтык, энергетика, инфраструктура жана инвестиция тармактарында эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулашты.
Биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, Кыргызстандын энергетика тармагына инвестиция тартууга, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, минкаб башчысы БАЭнин энергетика жана инфраструктура министрин ушул жылы Бишкекте өткөрүлүшү пландалып жаткан “Борбордук Азия жана Перс булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши” форматындагы инвестициялык форумга катышууга чакырды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга умтула тургандыгын ырасташты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн