Аяк оона 23, 2025
Убакыт: 21:45
USD
87.30
87.80
EUR
102.60
103.60
RUB
1.040
1.075

Адылбек Касымалиев БУУнун конференциясына катышат

04.08.2025 09:32
181
Адылбек Касымалиев БУУнун конференциясына катышат


Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2025-жылдын 4-5-август күндөрү, деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун Үчүнчү конференциясына катышуу үчүн иш сапар менен Түркмөнстандын Аваза туристтик аймагына иш сапар менен барат.


Иш сапардын алкагында минкаб башчысы деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун Үчүнчү конференциясыннын пленардык жыйынында сөз сүйлөйт. 


Мындан тышкары БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.


Ошондой эле Адылбек Касымалиев Борбор Азия жана Азербайжан мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусуна арналган жогорку деңгээлдеги жолугушууга катышат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн