Кулжа 25, 2025
Убакыт: 01:35
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.100
1.135

Адылбек Касымалиев Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери менен жолукту

24.06.2025 19:14
23
Адылбек Касымалиев Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери менен жолукту


Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Жайкы Давос – 2025” Дүйнөлүк экономикалык форумунун жылдык жыйынына катышуусунун алкагында Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян менен жолукту.


Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев жылуу меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, Тяньцзин шаарында “Жайкы Давостун” өтүшү Кытайдын дүйнөлүк экономикадагы жана өнүгүүнүн жаңы моделдерин калыптандырууда жана көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөөдөгү маанилүү ролун белгилөөгө болоорун билдирди. 


“Кыргыз Республикасы Кытай Эл Республикасы менен ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү жогору баалайт. Биздин мамлекеттерибиз бекем достуктун, чын ыкластуу жакшы коңшулаштыктын жана жемиштүү кызматташтыктын мамилелерин курушту. Биздин эки тараптуу кызматташуубуз кеңири чөйрөнү камтыйт. Негизги биргелешкен долбоор болуп ишке ашырыла баштаган Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу саналат”, - деди ал.


Кытайтын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян өз кезегинде министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге “Жайкы Давос” Дүйнөлүк экономикалык форумуна катышкандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирди.


Ал Кытайдын Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары тереңдетүүгө умтулуусун белгиледи. Мамлекеттик кеңештин премьери Кытай Кыргызстанды жакын кошуна, ишенимдүү өнөктөш катары карай турганын жана эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө маани берээрин белгилеп, эки өлкөнүн элдеринин туруктуу өнүгүүсүнө жана бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган демилгелерди биргелешип илгерилетүүгө даяр экенин билдирди. 


Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери тарабынан мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду, анын ичинде 2025-жылдын 17-июнунда Астанада өткөн “Борбор Азия-Кытай” саммитинин алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин сүйлөшүүлөрү кирди. 


Тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдү камтыган кеңири чөйрөдөгү кыргыз-кытай кызматташтыгынын эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.


Жолугушуунун жыйынтыгында Адылбек Касымалиев менен Ли Цян Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын элдеринин жыргалчылыгы үчүн кызматташууну мындан ары активдештирүүгө өз ара даяр экендиктерин ырасташты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн