Жалган курандын 12, 2025
Убакыт: 17:23
USD
87.30
87.80
EUR
94.80
95.80
RUB
0.995
1.045

Адылбек Касымалиев Улуу Британиянын элчиси Николас Боулер менен жолугушту

12.03.2025 09:41
26
Адылбек Касымалиев Улуу Британиянын элчиси Николас Боулер менен жолугушту


Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Падышалыгынын элчиси Николас Боулер, ошондой эле инвестициялык талаш-тартыштарды жөнгө салууда англис укугун колдонуу маселелери боюнча эл аралык консультанттар менен жолугушуу өткөрдү.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун өнүктүрүүгө жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуунун жана экономиканын туруктуу өсүшүнүн негизги фактору болгон инвесторлордун укуктарын коргоо деңгээлин жогорулатууга багытталган маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.


Өзгөчө көңүл инвестициялык жана башка коммерциялык талаш-тартыштарды чечүүгө багытталган көз карандысыз арбитраждык механизмди түзүүнүн келечегине бурулду. Бул механизм жалпы англис укугунун нормаларын, ошондой эле башка жалпы укук юрисдикцияларынын эрежелерин жана принциптерин колдонуу менен иштейт деп болжолдонууда.


Мындан тышкары, бизнес жүргүзүү жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзө турган өзгөчө укуктук режими бар атайын инвестициялык аймакты (ИТТ) түзүү демилгеси талкууланды.


"Ыңгайлуу инвестициялык климатты түзүү жана инвесторлордун укуктарын ишенимдүү коргоо Кыргызстан үчүн приоритеттүү милдеттер болуп саналат. Биз инвесторлордун биздин укуктук системага ишенимин арттыруу үчүн эл аралык тажрыйбаны, анын ичинде англис укугун үйрөнүүгө жана колдонууга кызыкдарбыз", - деп баса белгиледи Адылбек Касымалиев.


Өз кезегинде Николас Боулер “Улуу Британия Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө жана инвестиция тартууга көмөктөшүү үчүн укук тармагындагы экспертизасы жана тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр” деп белгиледи.


Учурда бул долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн зарыл болгон консультациялык-методикалык колдоону каржылоо форматын аныктоо процесси аяктап жатканы белгиленди.


Тараптар эки тараптуу кызматташуунун башка актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты, өз ара аракеттенүүнүн мүмкүн болгон формаларын жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын түрдүү тармактарына инвестицияларды тартуунун келечегин талкуулашты.


Инвестициялык талаш-тартыштарды жөнгө салууда англис укугун колдонуу инвесторлордун салган каражаттарын сакталышын алдын ала коргоону камсыз кылуу аркылуу Кыргызстандын укуктук системасына болгон ишенимин арттырышы мүмкүн деп күтүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн