Жалган курандын 14, 2025
Убакыт: 23:19
USD
87.30
87.80
EUR
94.50
95.50
RUB
1.000
1.035

Адылбек Касымалиев Вьетнамдын биринчи президенти Хо Ши Миндин үйүнө барды

07.03.2025 14:00
196
Адылбек Касымалиев Вьетнамдын биринчи президенти Хо Ши Миндин үйүнө барды


Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Вьетнамга расмий визитинин алкагында өлкөнүн премьер-министри Фам Минь Тинь менен бирге президенттик сарайдын аймагында жайгашкан Вьетнамдын биринчи президенти Хо Ши Мин атындагы Мемориалдык комплекске барышты. 


Тактап айтканда, өкмөт башчылары 1958-жылдын майынан 1969-жылдын августуна чейин өзү жашаган жана иштеген Хо Ши Миндин үйү менен таанышты. 


Үй-музейге баруу минкаб башчысы Адылбек Касымалиевдин эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган расмий сапарынын маданий программасынын бир бөлүгү болуп калды.


Мемориалдык комплексти зыярат кылуу Вьетнамдын тарыхый мурасын жана Хо Ши Миндин өлкөнүн көз карандысыздыгы үчүн күрөштөгү көрүнүктүү ролун урматтоонун символу болуп калды. 


Өкмөт башчыларын улуттук лидердин өмүрүн жана ишмердүүлүгүн чагылдырган экспонаттар менен тааныштырышты.


Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев комплекстин ардактуу меймандары китебине жазуу калтырды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн