Бугу 21, 2024
Убакыт: 13:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Адылбек Касымалиев Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин өкүлү менен кызматташтыкты талкуулады

30.09.2022 17:08
783
Адылбек Касымалиев Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин өкүлү менен кызматташтыкты талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Хироюки Кавамото менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтык маселелери, анын ичинде Япония өкмөтүнүн гранттык программасы аркылуу мамлекеттик кызматкерлерди даярдоо (JDS) маселеси талкууланды.


Адылбек Касымалиев белгилегендей, Кыргызстан үчүн көлөмдүү жаратылыш ресурстарына ээ болбостон, адам ресурстарын өнүктүрүү саясатына басым жасоо менен өнүккөн ммлекетти куруу мүмкүн экендигин далилдей алган Япониянын тажрыйбасы актуалдуу болуп саналат.


Ошондой эле тараптар «Бир айыл – бир продукт» долбоорунун алкагында кызматташууга, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун тилкесинде «Эл аралык маанидеги магистралдык жолдорду жакшыртуу» долбоорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн