Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев алдыда аткарылчу бир катар иштерди тизмектеди.
Министрлер кабинетинин төрагасы төмөндөгүдөй максаттар коюлганын айтты:
- ИДПнын өсүү темпин орточо 9%да кармалат;
- Номиналдык жактан 2030-жылга чейин ИДПны 30 млрд долларга, сом менен айтканда 3 триллиондун деңгээлинен ашырылат;
- ИДПнын жан башына бүгүн эки жарым миң доллар же 200 миң сомду түзсө, аны 4 миң долларга чейин жеткирилет;
- консолидацияланган бюджеттин көлөмүн азыркы 704 млрд сомдон 2030-жылы 1 триллиондон
- ашырылат;
- Экономиканын структурасы түп-тамырынан өзгөрөт: сервистик экономикадан индустриалдык-агрардык экономикага басым жасалат;
- чакан жана орто бизнестин үлүшү 50%га жеткирилет;
- жакырчылыктын деңгээлин 17%га чейин кыскартылат;
- балдарды бала бакчалар менен 80%га чейин камтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн