Бугу 31, 2025
Убакыт: 01:20
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.107
1.140

Адылбек Касымалиев аскер кызматкерлерин КР Куралдуу күчтөр күнү менен куттуктады

29.05.2025 10:56
59
Адылбек Касымалиев аскер кызматкерлерин КР Куралдуу күчтөр күнү менен куттуктады


Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аскер кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөр күнү менен куттуктады. 


Төмөндө куттуктоонун тексти:


“Ардактуу генералдар, офицерлер менен прапорщиктер!


Урматтуу сержанттар жана аскерлер!


Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн кадырлуу ардагерлери!


Өлкөбүздүн кайсы гана жараны болбосун, алардын ой-тилеги, максат-мүдөөсү керемет Кыргызстандын өнүгүп-өркүндөөсүнө багытталат. Мындан улам, күчтүү Кыргызстанды куруу – жалпыбыздын милдетибиз!


Алдыбызда ата-бабалар мурас калтырган эгемен өлкөнү, эл-журтубуздун ынтымагы менен жетишилген жеңиштерди сактап калуу милдети турат. Ал милдет Ата Мекендин тынчтыгы үчүн өмүрүн арнап кызмат кылуудан жана Кыргызстандын көп этностуу, меймандос элинин ынтымагын сактап калуудан башталат.


Биздин Куралдуу Күчтөрүбүз өлкө эгемендикке ээ болгондон тартып бүгүнкү күнгө чейин калыптануунун түйшүктүү жолун басып өттү. Бул жолдо кыргыз эли өлкө аймагына эл аралык террористтердин бандиттик түзүлүштөрү басып кирген трагедиялуу 1999 –2000-жылдарды эгерим эсинен чыгарбайт. Ошол Баткен окуялары биздин жаш армиябыз үчүн биринчи согуштук сыноо, мамлекетибиздин такшалышына, бекемделишине жана өз эгемендүүлүгүн сактап калуусуна чоң сынак болгон. Кыргыз армиясынын эр жүрөк жоокерлери Айкөл Манастын урпактары катары Мекенди коргоо деген ыйык милдетти татыктуу аткарышкан. Биз өлкөбүздүн бүтүндүгү менен элибиздин бакубат турмушу үчүн өмүрүн берген эр-азаматтарыбыздын бирин дагы унутууга акыбыз жок!


Кыргыз Республикасынын аскердик бөлүктөрү эл аралык милдеттенмелердин алкагында да чет өлкө аймактарында өз милдеттерин аткарып келишет. 


Биздин аскерлерибиз мындан туура 80 жыл мурун Улуу Ата Мекендик согушта Улуу Жеңишти камсыз кылган ата-бабалардын татыктуу урпактары болуп саналат. Биз 30 жылдан ашуун тарыхы бар Куралдуу Күчтөрүбүз өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүн бузуу аракеттерине кескин бөгөт коюуга жөндөмдүү экенине бекем ишенебиз.


Азыркы күндө активдүү маалыматтык-пропагандалык иштер менен коштолгон куралдуу күрөш жүргүзүүнүн аскердик эмес ыкмаларынын үстөмдүк кылышы байкалууда. 


Мындай шартта Кыргызстан – аскердик саясатын өзүн-өзү коргоо принциптеринде жүргүзгөн, тынчтыкты сүйгөн өлкө экенин баса белгилөө маанилүү деп эсептейм. Ошондуктан, өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу үчүн натыйжалуу Куралдуу Күчкө ээ болуу – башкы маселелерибиздин бири!


Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлеринин баа жеткис күжүрмөн тажрыйбалары Кыргыз Республикасынын ар бир уул-кызы үчүн өрнөк! 

Бүгүнкү күндө ардагерлердин өзгөчө ролун эч ким четке кага албайт. Алардын “Ата Мекен”, “ар-намыс”, “аскердик милдет” аттуу аскердик каада-салттын үч адеп-ахлактык негизги түшүнүктөрүн баалай билүүнү кийинки муундарга татыктуу өткөрүп берип келаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирем. 


Урматтуу генералдар, офицерлер жана жоокерлер!


Куралдуу Күчтөрдүн алдына коюлган бардык тапшырмалар абийир жана ар-намысты бийик кармоо менен аткарыларына бекем ишенем!


Баарыңыздарга бекем ден соолук, кажыбас кайрат-күч, бакубат турмуш каалайм. 


Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөр күнү кут болсун!


Сүйүктүү Кыргызстаныбыздын асманы ар дайым ачык болсун!”.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн