Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Тажикстандын Душанбе шаарына иш сапары менен барды.
Министрлер кабинетинин төрагасынын учагы Душанбе эл аралык аэропортуна конду.
Адылбек Касымалиевди Тажикстандын премьер-министринин орун басары Усмонали Усмонзода жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Аэропорттун флагштокторуна Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн мамлекеттик желектери илинди.
Эскерте кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапарынын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.
Ошондой эле эки тараптуу жолугушуулар жүргүзүлөт жана бир катар документтерге кол коюлат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн