Бирдин айы 03, 2025
Убакыт: 20:35
USD
87.30
87.80
EUR
89.30
90.30
RUB
0.870
0.910

Адылбек Касымалиев менен Акихиро Нагашима эки тараптуу өнөктөштүктү бекемдөө маселесин талкуулашты

03.02.2025 16:35
16
Адылбек Касымалиев менен Акихиро Нагашима эки тараптуу өнөктөштүктү бекемдөө маселесин талкуулашты


“Ынтымак-Ордодо” министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Кыргызстанга иш сапары менен келген Япониянын премьер-министринин атайын кеңешчиси Акихиро Нагашиманын жолугушуусу болуп өттү.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, экономикалык, программалык жана аймактык күн тартибин камтыган эки тараптуу кызматташтыктын негизги аспектилерин талкуулашты.

Министрлер кабинетинин башчысы президент Садыр Жапаровдун 2023-жылы Японияга жасаган расмий сапары эки тараптуу мамилелерге күчтүү дем бергенин белгилеп, бул динамиканы эң жогорку жана бийик деңгээлдеги үзгүлтүксүз өз ара сапарлар аркылуу сактап турууну сунуштады.

Өзгөчө көңүл, тарыхта биринчи жолу өтүүчү “Борбор Азия + Япония” мамлекет башчыларынын диалогу саммитине карата даярдыкка бурулду.

Ал ошондой эле Кыргызстандын туруктуу экономикалык өсүшүнө (2024-жылы 9%) жана жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө багытталган жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолду. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Япониянын ишкерлерин экономиканын негизги тармактарындагы долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышууга чакырды.

Мындан тышкары, минкаб башчысы Кыргызстандын Улуттук күнүн өткөрүү пландалып жаткан, 2025-жылдын 6-июнундагы Осака шаарында ЭКСПО 2025ке катышууга өлкө активдүү даярдык көрүп жатканын белгиледи.

Адылбек Касымалиев Японияга JICA жана JDS механизмдери аркылуу узак мөөнөттүү колдоосу, ошондой эле «Бир айыл – бир продукт» долбоорун ийгиликтүү ишке ашыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле билим берүү жана адамдык капиталды өнүктүрүү жаатында мындан аркы кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Акихиро Нагашима өлкөгө жасаган алгачкы сапарын белгилеп жатып, Япония Кыргызстан менен ар тараптуу өнөктөштүк мамилелерге туруктуу экенин билдирди. Ал ошондой эле энергетика, туризм жана билим берүү тармактарында кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин ырастады.

Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара кызыкчылык жараткан бардык багыттар боюнча кызматташууну улантууга макулдашышты.

Адылбек Касымалиев эки тараптуу кызматташтыктын мындан ары да чыңдалышына ишенимин билдирип, Япониянын премьер-министри Сигэру Ишибаны 2025-жылы Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн