Бугу 06, 2024
Убакыт: 10:35
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Адылбек Касымалиев менен Армениянын элчиси кызматташтыкты талкуулашты

13.09.2023 15:53
280
Адылбек Касымалиев менен Армениянын элчиси кызматташтыкты талкуулашты


Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Армениянын Кыргызстандагы элчиси Армен Гевондянды кабыл алды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана билим берүү тармагындагы кыргыз-армян кызматташтыгынын маселелерин талкуулашты.

Тараптар ошондой эле Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин жана Өкмөт башчылар кеңешинин жыйындарынын, ошондой эле ушул жылдын октябрда Бишкекте өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарынын алкагында боло турган иш-чараларды талкуулашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн