Учтун айы 18, 2025
Убакыт: 00:44
USD
87.30
87.80
EUR
89.80
90.80
RUB
0.845
0.880

Адылбек Касымалиев Өзбекстан жана Тажикстандын премьер-министрлери менен жолугушту

08.01.2025 15:00
363
Адылбек Касымалиев Өзбекстан жана Тажикстандын премьер-министрлери менен жолугушту


Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин, Өзбекстан премьер-министри Абдулла Ариповдун, Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзоданын үч тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Анда тараптар бүгүнкү жолугушуу кызматташтыкты жана аймактык биримдикти чыңдоого умтулуусун ар дайым белгилеп келишкен үч өлкөнүн мамлекет башчылары — Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун буга чейин жетишилген мамлекеттик чек арага байланышкан макулдашууларынын аркасында болуп жатканын белгилешти.

Үч мамлекеттин Өкмөт башчылары — өлкөлөр соода жана логистикадан тарта суу-энергетикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарга чейин негизги тармактарда өз ара аракеттенүүнү күчөтүү үчүн эбегейсиз зор потенциалга ээ экендигин айтышып, мында чек ара жана аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү аркылуу өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты активдештирүүнүн кыймылдаткычы катары маанилүү роль ойноорун белгилешти.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессинин аякташы белгиленип, “Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө” келишимге ратификациялык грамоталарды алмашылганы айтылды.

Ал эми Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек арасы тууралуу 2024-жылдын 4-декабрындагы макулдашууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган аймактарын сыпаттоо толук бүткөрүлгөнү абдан маанилүү экени, эми жумушчу топтор жыйынтыктоочу документтерди даярдоону тез арада иштеп чыгуусу керектиги белгиленди.

Өкмөт башчылар жолугушуунун жыйынтыгында бүгүнкү отурум элдердин жана өлкөлөрдүн жыргалчылыгы үчүн аймактын кийинки ондогон жылдардагы тагдырын алдын ала аныктаарына ишенишээрин, үч Мамлекет башчыларынын алдыда боло турган жолугушуусу боордош өлкөлөрдүн ортосундагы жакшы коңшулук мамилелерди жана көп кырдуу өнөктөштүктү өнүктүрөөрүн белгилешти.

Белгилей кетсек, жолугушуу Кыргызстандын Баткен облусунун, Өзбекстандын Фергана облусунун, Тажикстандын Согди облусунун аймактарындагы бул үч өлкөнүн мамлекеттик чек араларынын тогошкон чекитинде өткөрүлдү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн