Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 16:21
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Адилетсиздик болуп жатат. Депутат Бишкектин вице-мэрлеринин объекттерди бузуп жатканына нааразы болду

28.09.2023 11:15
534
Адилетсиздик болуп жатат. Депутат Бишкектин вице-мэрлеринин объекттерди бузуп жатканына нааразы болду


Бишкек шаарындагы объектилерди бузуу боюнча көптөгөн жарандар кайрылууда, деп билдирди депутат Айбек Осмонов 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында.


«Мисалы, өздөрүн пиарлап жаткан Бишкек шаарынын жетекчилери жана алардын орун басарлары «Батуми» кафесин бузуп салышты. Эмнеге Ак үйдүн артындагы имаратты бузбайт? Мыйзамсыз болсо талкалап салсын. Мыйзам баарына бирдей болушу керек жана баарына бирдей колдонулушу керек. Адилетсиздик болуп жатат», - деп эсептейт депутат.


Анын пикиринде, курулуш жана жер маселеси боюнча жаңы депутаттык комиссия түзүп, маселени аягына чыгаруу керек. Болбосо ар кандай комиссиялар түзүлүп, иштин жыйынтыгы чыкпай жатат.


«Жөнөкөй жарандын бир кесегин талкалап, өздөрүн пиар кылышат. Баарына бирдей мамиле кылсын. Ал байлардын мүлкүн бузбайт, жөн гана карапайым жарандардын мүлкүн бузушууда», - деди депутат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн