Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 03:34
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Адилеттүүлүк жеңет. Депутат Өмүрбек Бакиров соттун чечими боюнча пикирин билдирди

10.06.2023 06:18
497
Адилеттүүлүк жеңет. Депутат Өмүрбек Бакиров соттун чечими боюнча пикирин билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров Бишкек шаарынын Административдик сотунун Көк-Жар шайлоо округунда өткөн депутаттык шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечим боюнча пикирин билдирди.


Анын айтымында, ал эл ишенип берген добушу үчүн аягына чейин күрөшөт.


"Мен сиздерге бүгүнкү массалык маалымат каражаттарына чыккан маалымат боюнча кыскача тушундурмө берип кетейин. 

2023 жылдын 7-июнь күнү, Бишкек шаардык административдик соту  Көк-Жар шайлоо округунда өткөн шайлоону мыйзамсыз деп тапты. Бул акылга сыйбаган, мыйзамсыз чечим экени ачык көрүнүп турат. 


Бул шаардык администрадивдик соттун чечими менен мен макул эмесмин, мындан ары жогорку инстанцияга кайрылабыз. 


Мен ишенем адилеттүүлүк жеңет деп, мыйзамдуулук орнолот деп үмүт кылам. 


Бүгүнкү күндө мен өзүмдүн депутаттык милдетимди аткарып жатам, эл ишеним менен берген депутаттык мандатты эч кимдин тартып алып коюуга укугу жок",- деди депутат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн