Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 21:27
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Адинай Марипова: Президенттин атын жамынып, иш кылып жаткандар бар

04.06.2021 09:44
1089
Адинай Марипова: Президенттин атын жамынып, иш кылып жаткандар бар

Президенттин атын жамынып, иш кылып жаткандар бар. Мындай билдирүүсүн президент Садыр Жапаровдун коомдук башталгычтагы кеңешчиси Адинай Марипова Фейсбук баракчасына жазды. 


"Акыркы учурларда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атына жамынып алып, анын жакындарыбыз, кеңешчилерибиз же жардамчыларыбыз деп тааныштырып, жеке кызыкчылыктары менен мамлекеттик жана башка мекемелерге кайрылган абийирсиз адамдар болуп жатат. 

Мамлекет башчысы буга чейин эле мындай адамдар, керек болсо алар анын туугандары болсо дагы токтоосуз кармалышы керек деп билдиргендигин белгилейбиз.

Ошондуктан, Президенттин атын пайдалануу менен жеке маселелерин чечүү максатында кайрылган же кысым көрсөткөн учурлар болсо, тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылууңуздарды өтүнөбүз",- деп билдирүү калтырган Марипова.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн