Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси жана Республикалык илимий-методикалык борбор кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Белгилүү болгондой, меморандумга ылайык РПОБМнын базасында протездик-ортопедиялык буюмдарды өндүрүү жана бут кийимдерди даярдоо боюнча адистерди окутуп, практикадан өткөрүп, кийин ишке орноштурушат.
Ошондой эле Жалал-Абад жана Нарын шаарларында кесиптик лицейлердин базасында РПОБМнин мастерлери адистерди практикада түрүндө окутушат.
Окутуунун жыйынтыгы боюнча адистер кесиптик билим берүүнүн тиешелүү деңгээли жөнүндө диплом алышат.
Пикирлер (1)